БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү: депутат милиционерлерге окутууларды өткөрүүнү сунуштады

Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү: депутат милиционерлерге окутууларды өткөрүүнү сунуштады

Сүрөт: Govori.tv

Парламенттин бүгүнкү 6-июндагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зордук-зомбулук боюнча окутууларды уюштурууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, ага үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер кайрылып, милиция кызматкерлеринин туура эмес мамилесине даттанышкан.

"Милиционерлер жабыркаган аялдарга "балдарыңарды алып чыгып кетпейсиңерби?" дешет экен. Же чыга турган жерлери жок. Алар "биз бара турган жерибиз жок же мамлеке кризистик борборлорду ачып бербейт. Болгону Бишкекте бирөө жана Ошто бирөө бар. А калган аймактагылар кайда барабыз?" деп жатышат. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылат элем, жабыркагандарга тыкыр көңүл буруп, шылдыңдабагыла. Органдардын жетекчилеринен суранат элем, аймактарда милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулук темасында тренингдерди өтүп бергилечи".  

Расмий маалыматка караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей