БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Теңгиз Бөлтүрүккө салынган айыпка түшүндүрмө сурады

Депутат Теңгиз Бөлтүрүккө салынган айыпка түшүндүрмө сурады

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйында депутат Улугбек Ормонов Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча сот чечими коомчулукта талкууланып жатканын айтып, 800 миң сом төлөп чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө сурады. Ал башкы прокурорго "мамлекеттен миллиардап уурдап, 800 миң сом менен кутулуп кеттиби? Зыяндын ордун толтурдубу?" деп суроо узатты. 


"Соцтармактарда "убагында ал миллиардан ашык зыян келтирди. Качан ордуна коёт? Анан 800 миң төлөп соттон чыгып кетти" деп жазып атышат. Ошого жооп берип коюсоңуздар". 

Ал эми Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева тергөө органдары тарабынан Бөлтүрүктүн 880 млн сом зыян келтиргени аныкталып, 862 млн сомду ордуна койгонун билдирди. 

"Ага коюлган беренедеги эң жогорку жаза колдонулду. Алдын ала тергөө убагында 880 миллион зыян аныкталып, 862 миллион сому ордуна коюлган. Бул анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары эсептелинет. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир аз туура эмес маалымат кетип калды", - деди Конкубаева.

21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө 800 миң  сом айып пул салып, банк эсептерин камактан чыгаруу чечимин кабыл алган. Соттун  чечимине ылайык,  Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом "Кумтөргө" кайтарылат. Аны үй камагындагы бөгөт чарасы дагы жокко чыгарылган. 

Башкы прокуратура 2022-жылы сентябрда "Кумтөр" ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлаган. Буга байланыштуу компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган. Анда жалпы тогуз киши суралган.

Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде үй камагына чыгарылып, 21-ноябрда эркиндикке чыкты. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей