БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламентте Сулайман-Тоого кирген чектөөнү алуу маселеси көтөрүлдү

Парламентте Сулайман-Тоого кирген чектөөнү алуу маселеси көтөрүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Депутат Советбек Рустам уулу Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоо тоосуна туристтер кире албай жатканын айтты. Бул маселени ал парламенттин 17-октябрдагы жыйынында көтөрдү. 

"Ошто эми ишенген, көрөбүз деген Сулайман-Тоо бар. Келген туристтер күтүп, болбой калса кетип жатышыптыр. Өзү турист тартабыз деп болгон аракеттибизди көрүп жатсак. Аны да эрте мененки саат 9-10до ачса турист келбейт да", -деди депутат. 

Сулайман-Тоого улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына кирүүгө убактылуу чектөө быйыл жазда кирген. Мекеме мындай чечим жарандардын коопсуздугуна байланыштуу кабыл алынганын маалымдаган. Чектөө жазында саат 18:00гө чейин кирген. Жайда 20:00гө узартылган. Ал эми тоого чыгуу акысы 20 сомдон 70 сомго көтөрүлгөн

Музей комплекс 2009-жылы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей