БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депкомиссия: Жамгырчиев Салим Абдувалиев менен жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн

Депкомиссия: Жамгырчиев Салим Абдувалиев менен жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден ("Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал) колдоо алуу максатында жолукканы аныкталды. Бул тууралуу анын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев парламенттин 10-январдагы жыйынында билдирди. 

Анын айтымына караганда, Жамгырчиевге карата Өзбекстанда кылмыш иши козголгон.

 "Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо, издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн, болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген", -деди Эрбаев

Эске салсак: 2023-жылдын 27-декабрында  Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Жамгырчиев Кылмыш-Жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып жатат.

Анын ишин иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия ушул жылдын 9-январында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. "Азаттыкк" ишенимдүү булактарына таянып, ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышканын жазды. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр анын каякта экени белгисиз. Парламенттин бүгүнкү жыйыныда да жок. 
 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей