БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды

Сүрөт: интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды. Отурум 7-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди.

 

Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши ушул жылдын 26-июлунда токтотулган. 

Эске салсак, УКМК 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Кийин 20 млн сом төгүп, соттон акталып чыккан. Андан соң Жогорку сот актаган өкүмдү жокко чыгарып, ишти райондук сотко кошумча тергөөгө кайтарган. Анда ишти кароо убактылуу токтотулган эле.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей