БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Жанар Акаев онлайн окуу боюнча маалымат кеч берилгенин сындады

Депутат Жанар Акаев онлайн окуу боюнча маалымат кеч берилгенин сындады

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин 13-декабрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев мектептерди катуу суукта онлайнга өткөрбөгөнү үчүн Министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды. Ал окутуу аралыктан жүргүзүлөрү боюнча алдын-ала эскертүү берилбегенин сындады.

"Бишкек шаарында 215 миң окуучу бар. Бүгүн анын баарын азапка салдык. Эрте менен мектепке барышты. "Онлайнга өттүк" деп кайра жөнөтүп атышат. Ата-энелердин баарын кычыраган кышта азапка салдык. Эмне үчүн бир-эки күн мурун окуу онлайн болот деп ата-энелерге эскертүү берилип, министрликтин буйругу жиберилген жок? 215 миң окуучуну кычыраган суукта ушундай абалга салган үчүн Министрлер кабинетиндеги тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүш керек. Мындан ары мындай кайталанбаш керек", -деди Акаев. 

Өлкөдөгү мектептер бүгүн, 13-декабрдан 15-декабрга чейин онлайнга өттү. Социалдык тармактардын колдонуучулары  аралыктан окутуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар убара болуп мектепке барып алганын жазышууда. 

Синоптиктер бул жумада облустун тоолуу аймактарында түнкүсүн -30 градуска чейин суук болорун айтышкан. Ал эми Өзгөчө кырдааладар министирлиги өлкөдө 13-14-декабрь күндөрү аба ырайы кескин төмөндөшү боюнча шашышылыш билдирүү таратып, жолдор тайгак болгондуктан узак жолго чыкай турууну эскерткен.

Автор: Т-Медиа > 354 статей