БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Депутаттар интернетте жана ЖМКда жалган жалаа тараткандарга айып салган мыйзам долбоорду экинчи окууда колдошту

Депутаттар интернетте жана ЖМКда жалган жалаа тараткандарга  айып салган мыйзам долбоорду экинчи окууда колдошту

Сүрөт интернеттен алынды

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 5-декабрда экинчи окууда колдоп берди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилгенин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Ага ылайык, жалган маалымат тараткан жеке жактарга айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөн. Буга чейин айып пулдун суммасы жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом болчу.

Анткен менен айрым эл өкүлдөрү сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорун артка кайтарыуу керектигин, салына турган айып пулдун өлчөмү дагы деле кымбат экенин айтышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, аны аткаруу Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлгөн. Мекеме түшкөн арыз боюнча протокол түзүп, сотко жиберет.

26-ноябрда тармактык комитет мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алып, парламенттин кароосуна жөнөткөн.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Анда мыйзамды аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөнү айтылган. 

17-августта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети аны биринчи окууда карап, колдоп беришкен.

2021-жылы Кыргызстанда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле редакциянын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала