БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарынын депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Ош шаарынын депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Видеодон скриншот

Ош шаардык кеңешинин 14-ноябрдагы жыйынында токтомдордун аткарылбаганы боюнча маселе айтылып, калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу "Т-Медианын" кабарчысы жеринен кабарлады.

 

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев мэрия шаардык кеңештин токтомдорун 95% пайыз аткаргандыгын билдирди. Себептерин түшүндүрүү үчүн вице-мэр Замир Юсупов сөз сураганда берилген жок.  

Президент Садыр Жапаровдун 29-ноябрдагы буйругу менен Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте. Буга чейин калаа башчылыкка талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү. 

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей