БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент Бишкек менен Оштун депутаттарынын укугун азайткан мыйзамды четке какты

Парламент Бишкек менен Оштун депутаттарынын укугун азайткан мыйзамды четке какты

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Парламенттин 21-февралдагы жалпы жыйынында депутаттар Министрлер кабинети сунуштаган "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун четке какты.

Документке 71 депутат "каршы",  үч депутат "макул" деп добуш берди. Жыйында бир нече депутаттар бул мыйзам долбоор Баш мыйзамга каршы келерин айтып, сынга алышты. Депутат Марлен Маматалиев жергиликтүү кеңештин депутаттарынын "канат-куйругу кыркылып", шаарда ит-мышыкты багуу тартибин аныктоо укугу гана каларын айтып, сунушту сындады.

"Бул мыйзамды мен окуп берейин. "Үйдөгү жаныбарларды, аларды кара" деп жатат. Мындайча айтканда "ит-мышыкты анан койду кара" деп коюптур".

Ал эми Нуржигит Кадырбеков мындай деди:

Жергиликтүү кеңештердин канатын кыркып, колу-бутун сындырып мунжу кылып атабыз. Эгерде мындай мыйзам кабыл ала турган болсок мэрияны болуштук деп эле коёлу. Мэрлер жалгыз өзү хан, жарым паша болуп коррупциянын башаты ушул болот".

Министрлер кабинети Ош жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын бир кыйла азайтып, шаар мэрлеринин укугун кеңейтүүчү мыйзам долбоорун сунуштаган. Аталган долбоор өткөн жумада Жогорку Кеңештин комитетик жыйынында биринчи окууда колдоо тапкан. 

Мыйзам долбоорго ылайык, Ош менен Бишкектин мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлабайт. Жада калса фракциялар талапкер сунуштоо укугунан да ажырап жатат. Эки шаардын башчысын президент өзү дайындайт жана ал кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен тандалат. Шаардык кеңештин депутаттары калаанын бюджетин бекитүү жана көзөмөлдөө, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, мэрге, вице-мэрлерге, муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин ишине баа берүү укугунан да ажырайт. Аларга ишенбөөчүлүк да көрсөтө албай калышы мүмкүн. 

Ошол эле учурда алардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана шаардык транспорттордун тарифтерин бекитүү ыйгарым укуктары калтырылат. Мындан тышкары аймактык түзүлүштүн тартибин бекитүү, администрациялык райондордун аталыштарын өзгөртүү, алардын чек араларын белгилөө, көрктөндүрүү, соода жүргүзүү, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин, үй жаныбарларын кармоо жана малды шаардын ичинде жаюунун эрежелерин бекитүү укуктары да сакталып калат. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей