БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Дүйнөдө ракка каршы алгачкы вакцинаны адамда сынап көрүштүбү?

Дүйнөдө ракка каршы алгачкы вакцинаны адамда сынап көрүштүбү?

Иллюстративдик сүрөт

Социалдык тармактарда дүйнөдө ракка каршы алгачкы вакцинаны адамда сынап көрүшкөнү тууралуу маалымат тарап жатат. Анда кайсы вакцина, каякта даярдалган жана кимге сайып көрүшкөнү жөнүндө жазылган эмес. 

Маалыматта бул вакцина чычкандарда ийгиликтүү сыналганы айтылат. 

"Рак жеңилди — окумуштуулар организмди бардык шишиктерди жана залалдуу жаңы пайда болгон ткандарды жок кылууга программалай турган вакцина жаратышты. Ооба, жакында эң коркунучтуу оорулардын бири түбөлүккө жоголот. Медициналык революция тууралуу эң негизги маалымат азыр: Вакцина менен кошо организмге модификацияланган бактериялар киргизилет. Алар иммундук система клеткаларын шишиктерге жана метастаздарга так сокку урууга үйрөтөт. Дарылоо организм үчүн зыянсыз жана оорунун кайра кайталанышынан сактайт. Вакцина чычкандарда ийгиликтүү сыналган. Ал бардык меланомаларды жана эң коркунучтуу ичеги рагын жок кылган. Окумуштуулар ар бир бейтап үчүн жеке вакциналарды иштеп чыгып жатышат. Алар жакын арада пайда болот",  - деп жазылган. 

Биз бул билдирүүнү текшерип көрдүк.

Быйыл августта чет өлкөлүк басылмалар Улуу Британияда алгачкы вакцина сыноодон өтүп жатканын жазышкан. Маалыматта BioNTech (Бионтек) компаниясы BNT116 (БИЭНТИ116) вакцинасын иштеп чыкканы, анда COVID-19га (Ковид-19га) каршы кээ бир вакциналар сыяктуу эле матрицалык РНК (ЭРЭНКА) технологиясы колдонулганы айтылат. Бул иммундук системага рак клеткаларын таанып, аларга кол салууга жардам берет.

Би-би-Си басылмасынын орус кызматы вакцинаны сыноого биринчилерден болуп өпкө рагы менен ооруган 67 жаштагы Януш Рач аттуу жаран ыктыярчы болгонун жазган. Януш өзү илим менен алектенип, жасалма интеллект жаатында иштеп жаткан адам болгондуктан, бул изилдөөгө катышууну туура көргөн. 

"Мен бул терапия "рак клеткаларынан коргоону камсыздайт" деп үмүттөнөм. Менин бул изилдөөгө катышуум келечекте башка адамдарга жардам берип, натыйжада терапиянын жеткиликтүү болушуна өбөлгө түзөт деп ойлойм. Өзүм да илим менен алектенем жана илимдин өнүгүшү мендей адамдардын ушундай программаларга катышуусунун аркасында гана мүмкүн экенин жакшы билем", — деген ал.

Вакцина Януштан башка 130 ыктыярчыны чогултуп жети өлкөнүн аймагында жайгашкан отуздан ашык изилдөө борборлорунда сынап көрүлмөк болгон. 

BioNTech (Бионтек) компаниясынын расмий сайтында да өпкө рагына вакцинанын клиникалык сыноосунун бирини фазасы жүрүп жатканы жазылган. Ал жерде сыноо мөөнөтү 2027-жылга чейин деп көрсөтүлүп турат. Вакцина адатта толук жарамдуу деп эсептелүү үчүн төрт  фазада сыноодон өтөт. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюм рак - дүйнөдөгү бардык өлүмдүн экинчи негизги себеби экенин билдирген. 2018-жылы бул оорудан болжол менен 9,6 миллион адам каза болгон. Бул ошол жылы өлгөн ар бир алтынчы адам эле. Рактын түрлөрү көп. Өпкө рагы эркектердин дагы аялдардын арасында дагы кеңири таралган түрү.

Жыйынтык: Өпкө рагына вакцина сыноодон өтүп жатканы чын. Бирок клиникалык сыноолор аягына чыга элек.

Автор: Т-Медиа > 385 макала