БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дүйнөлүк бактылуулук рейтинги: Кыргызстан 75-орунда

Дүйнөлүк бактылуулук рейтинги: Кыргызстан 75-орунда

Интернеттен алынды

World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде 143 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 75 - орунду ээледи.

 

БУУ, Gallup жана Оксфорддун бакубаттуулугун изилдөө борбору түзгөн жылдык рейтингде Финляндия жетинчи жолу катары менен эң бактылуу өлкө аталды. Эң алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерландия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү ээлеп Өзбекстан 47-орунга чыкты. Казакстан 49-орунда, Тажикстан 88-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Бул жолку баяндамада бактылуулукту кишилердин курагы боюнча талдап чыгышкан. Окумуштуулар дүйнө жүзүндө адамдар карыган сайын бактылуулуктун орточо деңгээли акырындык менен төмөндөй берерин аныкташкан.

Индексти түзүүдө калктын жан башына ИДӨ (ички дүң өндүрүм), калктын социалдык жактан колдоо деңгээли, орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигин урматтоо, жумуш менен камсыз кылуу, коррупциянын деңгээли эске алынган.

Бириккен Улуттар Уюму 20-мартта белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк бакыт күнүн утурлай 2012-жылдан бери “Бактылуулук индексин” жарыялап келет.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей