БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, уюштуруу комитетинин төрагасы болуп  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалган. 

Комитетке VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу, спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана жобону бекитүү, ошондой эле пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү тапшырмасы коюлду. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин Кыргызстанда үч жолу уюштурулган. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл токтотулуп, 2022-жылы Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң кезек Казакстанга берилип, былтыр Астана шаарында болду. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала