БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дмитрий Бивол чемпиондук курун сактап калды

Дмитрий Бивол чемпиондук курун сактап калды

https://www.sports.kz

Теги кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол 24-декабрдагы беттеште британиялык атаандашы Линдон Артурду жеңип, жарым оор салмакта чемпиондук курун коргоп калды.  Мындай билдирүүнү  Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы таркатты.

Беттеш 24-декабрга караган түнү Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өттү. 12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти. 11-раундда Бивол атаандашын нокдаунга кетирди. Муну менен Дмитрий Бивол Эл аралык бокс уюмунун версиясы (IBO) боюнча жарым оор салмактагы чемпиондук курга дагы ээ болду.

Бивол акыркы жолу 2022-жылы 6-ноябрда мексикалык мушкер Хильберто Рамирес менен чыгып жеңип алган.

Дмитрий Бивол 32 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан машыга баштаган. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен.

2008-жылы бокс боюнча ышкыбоздор арасында жаштардын дүйнө чемпионатында коло байге жана Дүйнөлүк Универсиадада күмүш байге алган. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 22 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын утуп келе жатат. Ал айрым беттешүүлөрүнүн алдындагы машыгууларын Кыргызстанда өткөрүп келет.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей