БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дмитрий Бивол октябрда "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамын талашат

Дмитрий Бивол октябрда "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамын талашат

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстанда төрөлгөн боксчу Дмитрий Бивол 12-октябрда жарым оор салмакта "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн күч сынашат. Ал беттеш Эр-Рияд шаарында өткөн Малик Зинадды жеңгенден кийин аныкталды.

Биволдун атаандашы Артур Бетербиев аттуу спортчу болмокчу.

Эске салсак, 33 жаштагы Дмитрий Бивол 1-июнда BA Super, IBO версиялары боюнча чемпиондук курун сактап калды. Ал 6-раундда Малик Зинадга токтоосуз соккуларды узатып, нокаут менен жеңди. Спортчу 23 жолу беттешке чыгып, бир жолу да жеңилген эмес.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей