БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Дордой" жана "Тураталы" базарларынын соодагерлери ККМ колдонуудан бошотулду

"Дордой" жана "Тураталы" базарларынын  соодагерлери ККМ колдонуудан бошотулду

Сүрөт: "Т-Медиа"

Оштун Кара-Суу базарындагы ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттенмесинен бошотулду. Бул туралуу 29-ноябрда "Т-Медиага" Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге "Дордой" жана "Тураталы эл базары" (Кара-Суу) базарлары кирет.

Аталган базарлар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.

"ККМ колдонууга каршы чыккан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар соодасын улантып жатышат", - деп маалымат берди Салык кызматы. 

Кара-Суу базарындагы ишкерлер бүгүн, 29-ноябрда ККМге каршы болуп, Кара-Суу райондук администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Буга чейин да ККМ киргизүү базарларда патент менен иштегендердин нааразычылыгын жаратып, Бишкекте жана башка аймактарда соодагерлер митингдерди уюштурушкан. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей