БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ДССУ: коронавирустан акыркы бир айда үч миңдей адам каза болду

ДССУ: коронавирустан акыркы бир айда үч миңдей адам каза болду

Интернеттен алынды

Акыркы 28 күндүн ичинде дүйнөдө коронавирус менен ооругандар өткөн айга салыштырмалуу 52% көп катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бул жумада чыгарган маалыматында белгилүү болду.  

28 күндүн ичинде COVID-19 менен ооруган 850 миң адам катталып, анын үч миңдейи көз жумган. 118 адам ооруканага жаткырылды. Уюм вирус жок боло электигин, адамдар андан дагы эле жабыркап жатканын жана инфекция дем алуу органдарынын ооруларынын бири катары кала бериши мүмкүндүгүн белгилейт.

Вирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталган. Расмий эсепте 206 миңден ашуун адамга жугуп, үч миңдей киши каза тапты. Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.

2019-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча 772 млн киши коронавирусту жуктуруп, 7 млн адам көз жумду. 2023-жылы 5-майда ДССУ коронавирус жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирген.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей