БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дзюдочу Эрлан Шеров чейрек финалга чыга алган жок

Дзюдочу Эрлан Шеров чейрек финалга чыга алган жок

Сүрөт: "AKИpress"

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында жеңилип, мелдештен четтеди.

Ал испаниялык атаандашы Тристани Мосахлишвили менен 90 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, 1:0 эсебинде жеңилип калды.

Кыргыз спортчусу ага чейин кубалык Иван Фелипе Силва Моралести уткан эле. 

Париж Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Алардын ичинен суучул Денис Петрашов, дзюдочу Айбек Кубаныч уулу жана Эрлан Шеров мелдешке чыгып, финалдык беттешке өтпөй калышты. 

Кийинкы кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 1-августка караган түнү алгачкы беттешин өткөрөт. Ал 57 кг чейинки салмакта кубалык Хорта Родригес Дель Рей Сайдель Иван менен күч сынашат. Таймаш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө башталат.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей