БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Атыман 400 миң сом насыя алышты". Шылуундарга алдангандар сак болууга чакырууда

"Атыман 400 миң сом насыя алышты". Шылуундарга алдангандар сак болууга чакырууда

Сүрөт: tmedia.kg

Ошто жеткирип берүү кызматында иштеген Чыңгыз Акматалиев жакында эле онлайн шылуундарга 400 миң сомун алдатып жибергенин айтууда. Күмөндүү адамдар ага WhatsApp мессенджеринен видео байланыш аркылуу чалып, " атыңыздан насыя алынып калыптыр, дароо жабышыбыз керек" деп шаштырган. 

"Унаада баратканымда бир номур чалды. Орусча сүйлөдү. Аты жөнүмдү айтып, "Мбанктан чалып жатабыз, сиздин атыңыздан Нурлан деген насыя алыптыр, ошону дароо кайтарышыңыз керек, жабышыбыз керек. Сизге азыр биздин кызматкерлер байланышат" деп, 2-3 мүнөт өтпөй вотсаптан чалышты. Мегаком номер, профилинде Мбанк деген жазуусу бар экен. Видео чалууна алсам мен аларга көрүнөм, алар мага көрүнбөйт. "Мбанкка кириңиз, 15 мүнөт ичинде сизге акча түшөт, анан төрт сан барат айтып коюң" деди. Цифра келгенде көрүп үлгүргөн жокмун, өзү кирип кетти. Анан "Демир Банкка" өтүп кетти. "Демирде" өзүмдү, паспортту тарт деди. Анан күмөн санай баштап, фамилия, атын сурасам өзүн тааныштырып, табель номерин да жазып берди. Анан андан да акча которулгандан кийин жок болуп кетишти".

Ошентип, белгисиз жарандар Чыңгыздын атынан эки банктан 200 миңден 400 миң сом насыя алып койгон. 

"Мбанктан 200 миң сом насыяны беш жылга берип койгон. Айына 4022 сомдон 60 ай төлөшүм керек. "Демир Банкта" 200 миң сом үч жылга берилген. Бул насыялар азыр менин атымда турат". 

Кийин ал жогоруда аты аталган эки банкка барып окуяны териштирген. "Демир Банктын" кызматкери насыяга алынган акча дароо эки эсепке бөлүп которулганын, аны блоктоп тура алышын айткан. Ал эми "Кыргызстан" банкынан алынган насыя акча башка банктагы эсептерге которулуп кеткен.  

"Мбанкка барганымда жумуш убактысы бүтүп калган экен. Түшүндүрсөм, "текшерип которуп жибериптирсиз. Картадан "Бакай Банктагы" эсепке которулуптур" деди. "Сиздер эмне кылып бере аласыздар" десем, "өзүң которгонсуң, кодду өзүң тергенсиң" деди. Жок дегенде пайызын токтотуп турууну сурансам, "Кирише албайбыз, киргенге мүмкүнчүлүк жок" дешти". 

Кызыгы Чыңгыз Айдаралиевдин кирешеси өтө чоң болбогонуна карабай, бир эмес эки банк насыя берип койгон. "Кыргызстан" банкы менен байланышканыбызда маалымат кызматы каржы маселесинде документтер кылдат текшерилерин айтты. Ал эми алданган жарандарга эч кандай жардам көрсөтө албай турганын билдиришти. Мындайда банктар кардар өзү макулдук берген соң акча которулганын жүйө кылышат.  

Айдаралиевди күмөндүү адамдар алдап кеткенден 1-2 саат өтпөй ага +996 556 613 333 номуру байланышка чыккан. Өзүн "Кыргызстан" банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам Чыңгызга арыз жазып кетүүнү суранган. Бирок аталган банк бул номер да аларга тиешелүү эместигин билдирди.

"Банк кызматкерлери эч качан телефон чалуу менен кардарга насыя алгандыгы тууралуу кабарлабайт. Болгону уюлдук телефонго банк тарабынан насыя алгандыгы тууралуу SMS-кат жөнөтүлөт. Бул номур биздин банкка эч кандай тиешеси жок. Шылуундар 3333 номурубузду маскировкалоо менен кардарлардын башын айлантууда. Себеби, банк кызматкерлери эч качан сыр сөздү же башка жеке купуя маалыматтарды сурап кайрылбайт. Эгер, кардар шектүү болгон билдирүүлөрдү же чалууларды байкап калса, анын аныктыгын текшерүү үчүн 3333 номери боюнча банктын борборуна кайрылышы абзел". 

Чыңгыз өзү жашаган аймактагы милиция бөлүмүнө арыз жазган. Алардын жанында шылуундарга кайра байланышканда улуттук банктын офисинде экенин айтып, белгисиз эле даректи беришкен.

Шылуун менен жабылануучунун милиция бөлүмүндө сүйлөшүүсү кыскача. 

- Сиз жүзүңүздү көрсөтүңүз.

- Сиз банктын офисинде окшойсуз. Камераны буруп айлананы көрсөтүңүзчү.

- Мен банкта эмесмин, офисте жумуштамын. Сиз так дарегиңизди айтыныз.

- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 148. Бул даректе Улуттук банктын офиси бар.

- Жүзүңүздү көрсөтпөйсүзбү?

- Мен баары бүткөндө жолугабыз дебедимби. Азыр бүтө элекпиз. Бирок сиз "Демир Банкка" барып аппеляция жазыптырсыз. Мени билбейт дейсизби Чыңгыз? Кимди алдаганы жатасыз? 

Азыр укук коргоо органдарында акча которулган эсептерди убагында табууга мүмкүнчүлүк жок болууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, бул каражаттар ортодо карапайым эле адамдарга которулат. Мисалы, сизге интернеттен онлайн жумуш сунуштап кайрылышат. Макул болсоңуз, акча которулат 5-10%ын алып калып, "калганын башка эсепке которуп коёсуз" дейт. Эсептен-эсепке которулуп жаткан суммалар шылуундук менен алынган болот. Мекеме мындай окуялар өтө көбөйгөнүн айтып, жарандарды шылуундардан сак болууга чакырып жатат. 

Сиз дагы банктык эсептериңизге, жеке маалыматтарыңызга сак болуңуз. Эч качан пин-код, банктык картанын CVV-кодун, паспортуңуздун сүрөтүн, андагы маалыматтарды башкаларга бөлүшпөңүз. Телефонуңуздун экранына кошулуу мүмкүнчүлүгүн бергениңиз да эң кооптуу. Видеобайланыш менен чалган бейтааныш адамдардан сак болуу керек. 

Жыйынтык: "Сиздин атыңызда насыя бар. Дароо жабышыбыз керек"  деп чалгандар шылуундар. +996 556 613 333 номеринин "Кыргызстан"  банкына тиешеси жок. Банктар шылуундарга алданган жарандарга жардам көрсөтө албайт. 
 

Автор: Анарбаева Наргиза > 140 статей