БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эки күндөн бери изделип жаткан Арстан Алай УКМКда экени белгилүү болду

Эки күндөн бери изделип жаткан Арстан Алай УКМКда экени белгилүү болду

Сүрөт: "УКМК"

Эки күндөн бери изделип жаткан Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы белгилүү болду.  Атайын кызмат 15-декабрда маалымдагандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Диний кастыкты козутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, Абдылдаевдин Чүйдөгү жашаган жерине тинүү жүргүзүлүп, китептер, брошюралар жана дептерлер табылган. Атайын кызмат мындан сырткары ал соцбаракчалары аркылуу мыйзамсыз билдирүүлөрдү жасап, өзүн "Жаңы кудай", "Куткаруучу" катары көрсөтүп жатканын белгиледи. 

"Кылмыш ишин козгоого Арстанбек Абдылдаевдин Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде, брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылган маалыматтар негиз болгон. Ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо. Ал өзүн "Кудай", "Куткаруучу" деп санап, башка дин, ишеним, көз караштарды төмөн, алсыз деп эсептеген", — деп айтылат маалыматта". 

Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

үн мурун жергиликтүү басылмалар Арстан Алай 13-январдан бери дайынсыз болуп жатканын жазышкан. Маалыматка караганда, милицияга анын уулу арыз менен кайрылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей