БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар кайсы аймактарга ачылат жана кандай шартта иштейт?

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар кайсы аймактарга ачылат жана кандай шартта иштейт?

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар кандай шартта иштейт? Кимдер кабыл алынат жана бир бала бакчага канча бала туура келет? Бала бакчанын төлөмү кандай жүргүзүлөт жана кайсы аймактарда ачылууда? "Т-Медиа" окурмандардан келген суроолорго жооп алды. 

 

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулууда. Анын ичинен 290нунун имаратынжергиликтүү бийлик берген. Учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлады. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланган.

Аталган бакчалар эки нөөмөттө - эрте менен жана түштөн кийин иштейт. Кабыл алуу акысыз болот. Балдарга тамак-аш берилбейт жана укташпайт. Бирок салттуу бала бакчадагы балдардай эле өнүктүрүү программасы ((балалык программасы) каралган.

Бакчага электрондук кезектин негизинде кабыл алуу жүрөт. Ал жерге 3 жаштан 5 жашка чейинкилер кабыл алынат. Ошондой эле бул бакчаларда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилген. 

Кыска мөөнөттүү бакчалар - бала бакчалар жетишсиз аймактарда, өзгөчө айылдарда уюштурулмакчы. Ал үчүн жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган авариялык абалда эмес имаратты сунуштаса болот. Мисалы, айыл өкмөт бир бөлмө үчүн өтүнмө берсе демек, ал жерде бир тайпа ачылат (25 бала кабыл алынат) жана эки нөөмөт менен 50 баланы камтый алат. Эгер, эки бөлмө сунушталса, 100 , үч бөлмө сунушталса, 150 баланы кабыл алса болот.

Сунушталган имарат Билим берүү министрлигинин тизмегине кирсе оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар, заманбап балдар аянтчасы курулат. Ошондой эле бала бакча үчүн керектүү болгон эмеректер, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор берилет. Мындан сырткары бул бакчаларга жаңыдан жумушка алына турган 700 тарбиячы окутуудан өткөрүлөт.

Кыска мөөнөттүү бакчалардын аймактардагы картасы:

 

Буга чейин  2016-2018-жылдары ушундай типтеги 120 бала бакча ачылган. Максаты бакчага тартылбай калган наристелерге мамлекеттик камкордук көрүү деп түшүндүрүлөт. Кыска убакыттагы бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында түзүлүүдө. 

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, өлкөдө 1-6 жаштагы 960 миң баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей