БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Эки округдагы кайра шайлоо: алгачкы талапкерлер арыз беришти

Эки округдагы кайра шайлоо: алгачкы талапкерлер арыз беришти

Сүрөт: Т- Медиа

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан парламент депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга алгачкы талапкерлердин арыздары кабыл алынды. 

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Баткен округуна Алимберди Бегматов, ал эми Кара-Суу округуна Ганишер Бадалов аттуу жарандар арыз берген. 

Депутаттыкка талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 26-мартка чейин уланып, каттоо иштери 8-апрелге чейин болот. Ал эми үгүт иштери 8-27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт. 

Президент Садыр Жапаров аталган эки округда кайра өтчү шайлоону 28-апрелге дайындаган. Боршайком саясий өнөктүккө 23 млн 934 миң сом каралганын маалымдады. 

Матраимов менен Ражабалиевдин мандат тапшыруусу

Ушул жылдын 22-февралында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.  Мунун алдында депутаттар өз каалоосу менен БШКга арыз жазышканы маалым. 

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан шайланып келген. 

Ал эми Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган. Ражабалиевге карата "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, 2021-жылы январь айында соттолгон. Ага ылайык Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген.

Нурлан Ражабалиевге карата "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаевдин да аты аталган. Анда алар Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып тургандыгы айтылган.

Кийин сот чечимине ылайык Абдыбахаб Боронбаев бюджетке 8 млн сом төлөгөн. Ал эми 2022-жылдын апрелинде Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген. Ал мандатын ушул жылдын 14-февралында тапшырган. 

15-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген айрым депутаттар мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык  (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК тарабынан Райымбек Матраимовго карата "Коррупция" беренеси менен иш козголгон. Кийин сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Ал эми учурда Райымбек Матраимовдун жүргөн жери белгисиз. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала