БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эки айга камакта калтырылды

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эки айга камакта калтырылды

Сүрөт: УКМК / 22.02.2024

Салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалган экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу 26-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Майройундук соту кабарлады. 

Экс-депутат 21-февралда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. 

Маалыматка караганда, Жолдошбаев жетектеген “Беш-Сары” ишканасынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. 

Салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

Камчыбек Жолдошбаев парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болгон.  Мындан тышкары "Беш-Сары" компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей