БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Баткен-Комфорт" базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттү

"Баткен-Комфорт" базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттү

Сүрөт: УКМК

Бишкектеги "Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу 11-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев борбор калаадан арзандатылган баада "Баткен-Комфорт" базарын алып, туугандарына каттатып койгон. Шадиев муну Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып каттатып алганы айтылат. Тергөөнүн жүрүшүндө алар "Баткен-Комфорт" акцияларынын контролдук пакетин 64,38% ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен. 

Ошондой эле 9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик негизги акционер катары базардын жетекчилигин алмаштырган. УКМК ушул жылдын январынан баштап соода жайларынын ижара акысынан ай сайын чогултулган 10 миллион сомго жакын каражат мамлекеттик бюджетке түшөөрүн кошумчалады. 

"2020-жылдан бери Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Шадиевдин жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган «БГАТП» ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", -деп айтылат маалыматта

Эске салсак: Аскарбек Шадиев 2017-жылы биринчи-вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ал кызматтан кеткенден кийин жалпы үч кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 25-декабрында Шадиевди сыртынан он жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыккан. Анын мамлекетке өткөрүлө турган мүлкүнүн жалпы наркы 1,8 млрд сом деп бааланган. Бирок Шадиев 2018-жылы АКШга чыгып кеткени кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы Аскарбек Шадиевди сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей