БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев алдамчылыкка шектелип кармалды

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК

"Беш-Сары" ишканасынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 22-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМКнын кабарлашынча, аталган ишкананын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. Салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

"Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген. Ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген", -деп жазылат маалыматта. 

Экс-депуат 21-февралда кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.  Учурда кылмыштын башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Камчыбек Жолдошбаев парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болгон.  Мындан тышкары "Беш-Сары" компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей