БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экс-депутаттын уулу кылмыштуу кирешени адалдоого шектелүүдө

Экс-депутаттын уулу кылмыштуу кирешени адалдоого шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын баласы М.А.М. маркум Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу кирешесин адалдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК 20-декабрда билдирди. 

 

Атайын кызматын маалыматына караганда, шектүү 6-декабрда кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалган. Ал мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган "Лексус LX570" үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, Көлбаев жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. 

"Мындан сырткары шектүү Көлбаев менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган", -деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарангатиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) "Бизнес Бэй" элиталык райондо жайгашкан баасы 4,5 миллион доллардан ашык болгон 24 батир аныкталган.

УКМК шектүү кайсы экс-депутаттын уулу экенин ачыктаган жок. Айрым ЖМКлар М.А.М. инициалдагы жаран Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу Азиз Мырзаев экенин жазышууда. 

Эске салсак: үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында "мыйзамдагы уруу" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Ал эми 9-октябрда УКМК аны менен байланышы бар делип 40тан ашык адам кармалганын билдирген. Андан кийин 11-декабрда Көлбаев жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "мафиясынын" мүчөлөрү менен байланышы бар 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынганы маалымдалып, алар менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай кызматта отурган мамлекеттик кызматкерлер аныкталган.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей