БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экзамен тапшырбай эле айдоочулук күбөлүк алса болобу?

Экзамен тапшырбай эле айдоочулук күбөлүк алса болобу?

коллаж

"Экзамен тапшыртпай эле айдоочулук күбөлүк алып беребиз".

Социалдык тармактарда мындай жарналар ачык эле жүктөлүп жатат. Алар 9000 сомго 3-4 күндүн ичинде айдоочулук күбөлүк жасап берүүнү сунуштоодо.

Мындай документтер жасалма экенин түшүндүрүп беребиз.

 "Экзаменден өтө албай жатсаңар, үйдө отуруп буюртма берип койсоңор болот" деген жарнамалар бир нече аккаунтта бар. Бири prava.01kg. Бирок аларга ишенип акча которордон мурун баракча менен таанышып эле күмөн санаса болот. Мисалы, аккаунт бир эле кыз тартылган видеону бир нече жолу жүктөгөн.

Чыныгы адамдын жүзүн көргөндө "булар ачык эле чыгып жатышат, алдабайт" деген ишеним пайда болушу мүмкүн. Биз аккаунт ушул максатта видеону колдонгон деген ойдо анын башкы булагын издедик. Тактай келгенде видеону "Авто про" деп аталган автомектеп жарнама үчүн тартып, аккаунтуна жүктөгөн. Автомектеп да видео аларга тиешелүү экенин тактап берди.

Мындай жарнамаларда колдонулган дагы бир видео "бул чындыкпы?" деген мааниде инстаграмдагы пабликтердин бирине жүктөлгөн.

 

Ал тасмада айдоочулук күбөлүк алган жаран тууралуу баяндалат. Биз посттун алдынан видеого тартылган жарандын комментарийин таптык. Ал айдоочулук күбөлүктү өзү экзаменден өтүп алганын айтып, видеону болсо шылуундар пайдаланып кеткенин түшүндүргөн.

"Видеодогу эки жарандын бири мен болом. Мен өзүм эки ай жумушка да чыкпай 700 суроого даярданып, берилген 20 суроонун 19уна туура жооп берип өз арекетим менен айдочулук күбөлүгүн алганмын. Алгандан кийин сүйүнүп кетип иним экөөбүз ТикТок платформасына ошол убакытта тренд болуп жаткан үнгө видео даярдап жүктөгөнбүз. А биздин видеону болсо алдамчылар өз пайдасы үчүн алып иштетиптир. Адамдардан бул алдамчыларга алданбоону эскертип калат элем".

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мекеме гана берет. Аны алуу үчүн авомектепти аяктаганы тууралуу күбөлүк болушу керек. Андан кийин 20 суроодон турган экзаменден өтүшөт. Теорияык сынакта 18 же андан көп суроого жооп бере алгандар гана "өттү" деп саналат. Мекеме жогорудагыдай жарнамаларга ишенбөөнү эскертип, жасалма документ алып жүрүү мыйзамсыз экенин айтты.

Социалдык тармактарда "айдоочулук күбөлүктү сынаксыз 4-5 күндө жазап беребиз" деген сыяктуу ар кандай маалыматтар кездешет. Бул маалыматтардын аркасында алдамчылар турат.

"Жасалма документтерди колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугу жана мыйзамдуулугун текшерүү боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында атайын кызмат иштеп жатат. Мамлекеттик агенттик тарабынан берилген ар бир документ "Түндүк" тиркемесинде санарип форматта чагылдырылат. Алдамчылардан сак болуңуз" - дейт Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек  Жунусов.

Жыйынтык: "9000 сомго айдоочулук күбөлүп алса болот" деген жарнамалар жасалма документ жасайт. Негизи айдоочулук күбөлүктү экзаменден өтпөй алса болбойт.

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей