БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Эл аралык басма сөз институту" Кыргызстанда камалган 11 журналистти тез арада бошотууну талап кылды

"Эл аралык басма сөз институту" Кыргызстанда камалган 11 журналистти тез арада бошотууну талап кылды

"Азаттыктын" коллажы

Уюмдун  (International Press Institute, IPI) билдирүүсү 17-январда расмий сайтына жарыяланды. Анда көптөгөн убакыттардан бери Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин жана жарандык эркиндиктин үмүтү деп эсептелген Кыргызстан 2021-жылдан кийин журналисттер жана саясий активисттер үчүн кооптуу болуп калганы айтылат. 

 IPI директорунун орун басары Скотт Гриффен мамлекеттик чиновниктердин ишмердигин чагылдырганы үчүн жооп катары алардын массалык камалышы сөз эркиндигине болгон кол салуу деп айтты. 

"Биз кыргыз бийлигин камактагы журналисттерди токтоосуз бошотууга жана көз карандысыз ЖМКларды куугунтуктоо практикасына чекит коюуга чакырабыз", -дейт Гриффен.

17-январдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин эки айга камоо чечимин чыгарды. Аларды милиция 16-январда кармап кеткен. 

Ички иштер министрлиги кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

 Бирок журналисттер буга макул эмес. 

Автор: Т-Медиа > 285 статей