БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эл аралык мелдеште Бекзат Алмаз уулу, Улукбек Жолдошбеков алтын утту

Эл аралык мелдеште Бекзат Алмаз уулу, Улукбек Жолдошбеков алтын утту

Сүрөт: Интернеттен алынды

Түркиядагы мелдеште алтын медалга татыды "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар дагы эки алтын утушту.


Балбан Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмакта килемге чыгып, ийгиликке жетти. Спортчу 1/8 финалдан баштап күрөшүп, финалдык беттеште орусиялык атаандашын артта калтырган. 


Ал эми Улукбек Жолдошбеков болсо 65 кг салмак чен бирдигинде күрөштү. Кыргызстандык балбан бельгиялык, ирандык, азербайжандык жана казакстандык спортчуларды жеңип, финалга чыккан. Финалдык кармашта азербайжандык спортчудан мыкты болуп, алтын медаль тагынды.
 "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдеши 7-мартта башталган. Турнир 11-мартта жыйынтыкталат.  
Эске салсак, ушул эле мелдеште Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медаль утушкан. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей