БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эл аралык мелдеште Кыргызстандын жаңы сунушталган желеги колдонулдубу? Фактчек

Эл аралык мелдеште Кыргызстандын жаңы сунушталган желеги колдонулдубу? Фактчек

"Т-Медианын" коллажы

Өзбекстанда өткөн Армрестлинг боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын жаңы сунушталып жаткан желеги колдонулдубу? Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып атат. Айрым колдонуучулар "тиешелүү мыйзам долбоору кабыл алындыбы?" деп суроо салса, кээ бирлери бул көрүнүштү Элчиликтин чоң катасы деп сыпаттап, ага карата чара көрүлүшүн талап кылышты.

Мелдештин жүрүшүнөн чакан видеолорду "Инстаграмдагы" баракчалар, телеграм-каналдар жүктөдү. Мисалы, бул тасмада кыргыз желеги даана тартылган. Анда азыркы тууну эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган күндүн түз чагылдырылган нурларынын формасы түшүрүлгөн желекти байкоого болот. 

Армрестлинг – кол күрөш спорту. Спорттун бул түрү боюнча Азия федерациясынын маалыматына таянсак, мелдеш 17-25-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн. Мекеме 26-ноябрда "Интстаграмдагы" баракчасына спортчулардын, жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрүн жарыялаган. Андагы беш сүрөттөн илинип турган ар кайсы өлкөлөрдүн желектерининин арасынан Кыргызстандын мамлекеттик символун да көрүүгө болот. Баарында тең жаңы сунушталып аткан туу байкалат. 

Дүйнөлүк армрестлинг федерациясы мелдештин жүрүшүн өзүнүн Ютуб-каналынан түз чагылдырып берген.  Мелдеш тууралуу тасманы индиялык спортчунун Ютуб-каналынан да таптык. Анда да  сунушталып жаткан жаңы тууну көрүүгө болот. 

Федерация жаңылдыбы? 

Кол күрөш боюнча улуттук федерация кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдеште азыркы желекти гана көтөрүп чыкканын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Елена Тараторина баннердеги тууга алардын тиешеси жоктугун айтып, катачылык спорттук иш-чараны өткөргөн Азия федерациясынан кеткенин белгиледи.    

"Бул үчүн уюштуруучу тарап жооптуу. Биздин спортчулар да баннерден азыркы желегибизге окшобогон тууну көрүшкөн. Алар уюштуруучулардан сурашканда "Силердин өлкөдө жогору жактагылар башкача айтканда, президент жана Ташиев (Ред-президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди айтышкан) тарабынан желектин жаңы варианты сунушталып аткан эле. Ошондуктан ушул вариантты колдонууну чечтик" деп жооп беришкен. Анткени алар чемпионаттарга 3-4 ай мурун, алдын-ала даярданышат. 

Ошондо деле армрестлинг боюнча Азия федерациясы туунун кайрадан жаңы иштелип чыккан вариантын эмес, депутаттар сунуштаган долбоорун колдонгон.

Тараторина эл аралык кол күрөшкө катышып, 1,2-орундарды алган кыргызстандык оюнчулардын сүрөт-видеолору менен да бөлүштү. 

Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Жыйынтык: Өзбекстанда өткөн кол күрөш боюнча спорттук мелдеште Кыргызстандын азыркы желегинин ордуна жаңы сунушталып жаткан туунун биринчи варианты колдонулган. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей