БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Эл аралык укук коргоо уюму Темиров Live’дын журналисттери менен тилектештик жыйын өткөрөт

Эл аралык укук коргоо уюму  Темиров Live’дын журналисттери менен тилектештик жыйын өткөрөт

Сүрөт: Болот Темиров

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму жана “Последнее Слово” долбоору Темиров Live’дын соттолгон журналисттерине тилектештик билдирип, жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.

Жолугушуу 16-январда Латвиянын Рига шаарында өтөт. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана эркин журналисттер туш болгон көйгөйлөр талкууланат. 

“Темиров Live” жана “Айт Айт Десе” долбоорунун журналисттеринин соттогу акыркы сөзүн угуп, долбоордун негиздөөчүсү Болот Темиров кесиптештеринин учурдагы абалы тууралуу кеп кылат. 

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгон.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттерди 13-мартка чейин камакка алган. Кийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Биринчи май райондук соту Жоодар Бузумовду, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан

Мындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган.

Андан башка жети журналист "кылмыштын курамы жок" деген негизде акталышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала