БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда президенттик “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу башталганын билдирди.

Аталган стипендияга документтерди кабыл алуу онлайн түрүндө 1-майда башталып,  30-майга чейин жүрөт.

"Эл үмүтүн" алуу үчүн магистратурага тапшырган 40 жашка, докторантурага 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары талапкер боло алышат.

Өткөн жылы аталган стипендияны 17 жаран утуп алган. Алардын 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларда окуп магистр жана доктор даражасын алуусу үчүн президенттик фонддон 60 миллион сомдой каражат бөлүнгөнү кабарланган. 

2022-жылы аталган стипендияны утуп алган тогуз кыргызстандыкка президенттик фонддон 30 млн сом берилген.

Кыргызстанда "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей