БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Элдар Абакиров: 12 жылдык билим берүүгө мамлекет даяр эмес

Элдар Абакиров: 12 жылдык билим берүүгө мамлекет даяр эмес

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Элдар Абакиров

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров 12 жылдык билим берүү системасына мамлекет даяр эместигин айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, көп мектептерде нормадан ашыкча балдар окуйт. Нөлүнчү класс кошулса бул көйгөй дагы татаалдашат. 

"12 жылдык билим берүү системасы жөнүндө сөз көп жылдан бери эле талкууланып келе жатат. Жалпысынан бул туура модель. Буга өтүш керек. Бирок ага даяр болгондо өтүш зарыл. Анан Билим берүү министрлиги акыркы эки жумадан бери түшүндүрүү жүргүзүп, маалымат берип жатат. Бирок алардын түшүндүрмөсүнө мен макул эмесмин. Антени алар нөлүнчү классты биринчи класс кылып, ошону менен 12-класс болуп калат деп жатышат. Андай болбошу керек. Эмнеге дегенде 6,5 жаштагы бала биринчи класста окуй албайт. Мындай айтканда алар физиологиялык жактан даяр эмес. Бизде чоң эки көйгөй бар. Биринчиси, мектептин жетишсиздиги. Көп мектептерде азыр нормасынан көп балдар окуйт. Мисалы, 500 балага ылайыкталган мектепте миң бала окуйт. Анан эми буга биз дагы бир муунду кошуп койсок, системага дагы жүз миңдей балакошулат. Анан көйгөй дагы көбөйөт". 

Буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстанда 12 жылдык орто билим берүүнү камтыган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" тескемени жактырган. Өкмөт окуу мөөнөтүн өзгөртүү моделине этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатат. Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулганы айтылды.

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси 2022-жылы апрелде белгилүү болгон. Анда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев балдар 1-класска алты жаштан бара баштарын, ал эми 0-класс жоюларын белгилеген. Анын айтымында, мындайда бала бир жылын текке кетирбейт, ал эми өлкөнүн билим берүү системасы "эл аралык стандартка ылайык" болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей