БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курултайда Кадамжайдан келген делегат былтыр көтөргөн маселенин бири да чечилбегенин айтты

Курултайда Кадамжайдан келген делегат былтыр көтөргөн маселенин бири да чечилбегенин айтты

түз эфирден скриншот алынды

Баткен облусунун Кадамжай районунан келген делегат Шерикбек Абдылдаев былтыркы биринчи Элдик курултайда айтылган үч негизги көйгөйдүн бирөө да чечилбегенин билдирди. Мындан улам ал аларды быйыл да көтөрүп чыкты.

"Үч негизги көйгөйдүн бирөө да чечилбей калгандыктан айыл тургундары быйылкы курултайга кайрадан сунушташты. Алар: сугат суунун тартыштыгын жоюу, чек ара аймагындагы айылдарга өзгөчө статус берүү жана мөмө-жемиш багытында логистикалык борбор куруу", — деди Абдылдаев.

Бүгүн,15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, өлкө аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда.

Иш-чарада президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, биринчи Элдик курултайда айтылган 3182 бмаселенин 358и чечилгенин билдирди. 2200ү учурда аткарылып жатса, калган 523ү өз убагында жасалган эмес. Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Анда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, эми анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат.

"Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлда кабыл алынган. Мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей