БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ишкер Тимур Файзиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Ишкер Тимур Файзиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен "Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 4-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 20-декабрда мекеменин басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди.

Жеке ишкер УКМКнын тергөө абагында кармалат. 

Тимур Файзиев "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси  боюнча шектелүүдө. Ал 10-октябрда суракка чакыртылып, андан кийин кармалган. 11-октябрда Октябрь райондук соту Файзиевди 9-декабрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо боюнча чечим чыгарган. 

Ушундай эле берене менен айыпталган "Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев эч жакка кетпөө тил каты менен 31-октябрда бошотулган. Ал эми Бишкектин Октябрь райондук сотунун 30-октябрдагы чечими менен "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 2024-жылдын 4-январына чейин узартылган.

Эске салсак, "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер кармалган.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей