БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыкты

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыкты

Тимур Файзиев

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 4- июлга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 30-майда кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Октябрь райондук соту 29-майда абактагы ишкердин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырган. Ага ылайык ал 4-июлга чейин үй камагына чыгарылган. 

Айрым басылмалар ишкердин мамлекетке 3 млн доллар төлөп, абактан бошотулганын жазышууда

Эске салсак, ишкер "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси  боюнча шектелип, былтыр 10-октябрда суракка чакыртылып, андан кийин кармалган. 11-октябрда Октябрь райондук соту Файзиевди 9-декабрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо боюнча чечим чыгарган. Андан кийин ишкердин камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узартылган. 

"Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер кармалган.

  

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей