БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эмдөө календары: Баланы канча жашында, эмнеге каршы эмдейт?

Эмдөө календары: Баланы канча жашында, эмнеге каршы эмдейт?

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда соңку жети айда кызамык жуктургандардын саны 12 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин мындай жайылышына эмдөө албаган учурлар себеп болгонун билдирген.

Негизи вакцинанын айланасындагы талаш-тартыш токтой элек. Өлкөдө баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен. Дарыгерлердин пикиринде, ар кандай туура эмес маалыматтар, диний ишеним жана медициналык системага ишенбөөчүлүк буга себеп болууда. 

Өткөн айда Нарын шаарынын тургуну 3 жаштагы баласын эмдөөдөн өткөргөндөн кийин чарчап калганын айтып чыккан болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуяны көз карандысыз эксперттер менен бирге текшерип, наристенин өлүмүнө эмдөө себеп болбогонун аныкташкан. Анткени каза болгон наристе менен кошо 7 бала бир бөтөлкөдөгү вакцина менен эмделишкен. Алардын абалы туруктуу экенин кошумчалайт. 

Эмдөө эмне үчүн керек, кимдер, качан, кандай эмдөөдөн өтүшү зарыл? Ушул суроолорго адистерден жооп алдык

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө пландуу эмдөө жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап, 56 жашка чейин өткөрүлөт.  

Эмдөө дифтерия, көк жөтөл, сенек, кызамык, кызылча, туубаса шал оорусу, геппатит, кургак учук сыяктуу жана башка жугуштуу ооруларга каршы жүргүзүлөт. Алардын алдын албаса майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон кооптуу дарт. 

Эмдөө календары кандай болот?

1. Жаңы төрөлгөн ымыркайга 24 саат ичинде сарык оорусунун түрүнө каршы биринчи эмдөө жүрөт.

2. Төрөт үйүнөн чыга элек учурда кургак учукка каршы эмделет. Аны БЦЖ деп атап коюшат.

 3. Эки айлыгында бала 8 илдетке каршы вакцина алат. Алар - көк жөтөл, кептөөр, сенек оорулары жана гемофилдик инфекцияга каршы эмдөө. Ал эми экинчи эмдөөнү сарык оорусунун каршы алат.

 4. Андан кийин ата-эне баласын пневмокок, шал оорусу, ротавирус инфекциясына каршы эмдетиш керек. Вакцина алган ымыркай 3,5 айлыгында жогоруда айткан вакциналардын биринчи, экинчи, үчүнчү эмдөөсүнөн өткөрүлөт.

5. Наристе беш айга толгондо көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекция, пневмокок, шал оорусу, ротавирус инфекцияларына каршы экинчи, үчүнчү, төртүнчү эмдөөнү кабыл алат.

6. Ал эми тогуз айга жеткенде шал оорусунун экинчи вакцинасы берилет.

7. Бир жашка чыкканда кызылча, эпидемиялык паротит, кызамык, пневмококк ооруларына каршы эмделет.

8. Эки жашта болсо көк жөтөл, кептөөр, сенек оорулары, кызылча, кызамык, эпидемиологиялык тепки ооруларына каршы ревакцинациядан өтүшөт.

9. Ал эми жеткинчек алты жашка чыкканда жогорудагы оорулардын экинчи ревакцинациясын алышат.

 10. 11 жашта кептөөр, сенек ооруларына каршы эмдөөнүн үчүнчү ревакцинациясынан өтөт.

 11. 16 жаштан 56 жашка чейин кептөөр, сенек ооруларына каршы акыркы ревакцинацияны алгандан соң, кийинки ар бир он жылда жасалуучу ревакцинациядан өтүп турушу зарыл.

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей