БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эмгек министрлиги 25 миң сомдон таратып жатабы?

Эмгек министрлиги 25 миң сомдон таратып жатабы?

Мессенжерлерде тараган сүрөт

Эмгек министрлиги кыргызстандыктарга 25 миң сомдон таратып атабы? Вотсап тайпаларда 1990-жылдан 2024-жылга чейин иштегендер жөлөк пул алууга укуктуу экени тууралуу маалымат тарады. 

Катталуучубуз бул билдирүүнү текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Алгач эле жөлөк пул алууга сиздин аты-жөнүңүз тизмеде бар-жоктугун текшерүү үчүн күмөн жараткан шилтемеден өтүү сунушталат. Whois.com кызматынын жардамы менен бул доменди текшерип, ал 2024-жылы 14-июлда жабык маалыматтар менен катталганын аныктадык. Бирок домендин өзү жана каттоо датасы аны убактылуу каттоо деп айтууга негиз берет.  

 

Билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу өтсөк, Тышкы иштер министрлиги деп көрсөтүлгөн күмөндүү сайт ачылат. Система сиздин жеке маалыматыңызды сурайт. Сайттын төмөн жагында 25 миң сомдон жөлөк пул алды делген колдонуучулардын комментарийлери жазылган. 

"Т-Медиа" маалымат коопсуздугу үчүн жарандарды бул шилтемеден өтүүнү сунуштабайт. Себеби, бул кадимки интернет-фишинг. 

Интернет фишинг деген - бул онлайн шылуундуктун бир түрү. Ал колдонуучулардын идентификациялык маалыматтарын (логин, сыр сөз, насыя картасынын номери жана башка купуя маалымат) алууну максаттайт. Аны кантип ишке ашырышат? Кайсы бир мекеменин же компаниянын атынан расмий билдирүүлөрдү таратышып, күмөндүү шилтемеден өтүүнү сунуштайт. Аны менен жеке маалыматты алышат. 

Министрлик эмне дейт?  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөк пул тууралуу кезектеги жалган маалымат тарап жатканын билдирди. Мекеме жарандарды шилтемени ачпоого, интернеттеги шылуундарга алданып калбоого чакырды.

 "Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Министрликтин бардык маалыматтары расмий сайтка, соцтармактардагы баракчаларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгат”.

Жыйынтык: кезектеги шылуундук, интернет фишинг. Вотсап тиркемесинде 90-жылдан 2024-жылга чейин иштегендерге 25 миң сомдон жөлөк пул берилет деген маалымат фейк. Анын Эмгек, социалдык коргоо министрлигине эч кандай тиешеси жок. 

Эсиңизде болсо өткөн айда да Кыргызстанда жөлөк пул көтөрүлүп, 25 миң сомго жеткени тууралуу жалган маалымат тараган. Акыркы учурларда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар көбөйгөнү айтылууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар, мекемелер жарандар шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет. Мындай схемалардан кантип жабыркаганын айтып берген каармандарыбыздын да маектери бар. Аларды "Т-Медианын" соцтармактагы баракчаларынан көрсөңүз болот. 

Автор: Т-Медиа > 352 статей