БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Эми айдоочулук күбөлүк алуунун сынактары онлайн көрсөтүлөт

Эми айдоочулук күбөлүк алуунун сынактары онлайн көрсөтүлөт

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн  байкоого болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мекеме маалымдагандай, учурда онлайн күзөтүү Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук негизде иштеп жатат. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу үчүн кабыл алынган.

Сынакты төмөндөгү шилтемеден көрсө болот:

Кыргызстанда 2024-жылдын он айында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка 345миң  830 адам катталган. Анын 61миң 294ү ийгиликтүү тапшырган. 

Президент Садыр Жапаров аталган агенттиктин мурдагы директору Руслан Жокоев кармалгандан кийин “Кабарга” маек берип, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция жоюлбай жатканын айткан. Мындан сырткары  ал 40 районго автомектептерди ачуу боюнча тапшырма берилерин кошумчалаган.

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей