БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эми майыптыкты тастыктоо үчүн бир гана документ суралат

Эми майыптыкты тастыктоо үчүн бир гана документ суралат

Интернеттен алынды

Кыргызстанда  майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Мурда медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптыгы адамдар 11 документ топтоп беришсе, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана керек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Саламаттык сактоо уюмдары зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга бир эле жолу барышы керек болот. Мекеменин маалыматы боюнча, учурда медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча иштер башталды.

"Майыптыгы барларды ишке орноштуруу, кайра окутуу, жардамдын кошумча түрлөрү менен камсыз кылуу жана башка ушул өңдүү жагдайларды аныктоо иштерине көзөмөл күчөтүлөт", — деп билдиришти министрликтен.

Мекеме 2023-2030-жылдары "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын алкагында майыптыктын медициналык модели социалдык моделге өткөрүлө турганын кошумчалады.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей