БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эми мал урдагандар кылмыша жараша эркинен ажыратылат

Эми мал урдагандар кылмыша жараша эркинен ажыратылат

Интернеттен алынды

Кыргызстанда эми мал урдагандар кылмышына жараша коомдук, иштерге, түзөтүү жумуштарына жана бир нече жылга эркинен ажыратылат. Кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 

Маалыматка караганда,өлкөдө мал уурдоону болтурбоо жана анын деңгээлин төмөндөтүү максатында мыйзамда мал уурдоого жоопкерчилик аныкталып, Кылмыш-жаза кодексине “Мал уурдоо” 205¹-беренеси киргизилди. 

Ага ылайык, мал уурулук кылгандар 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2-6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул төлөшөт, же алты айдан эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо үчүн төмөндөгүдөй жазалар каралган.

  • 2 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштары;
  • же 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат;
  • же болбосо 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыраттуу каралган. 

Ошондой эле мал урдоо ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, малканага, кирүү менен жасалганда мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 8 жылга чейин абакка кесилет. 

Эгерде мал урдоо өзгөчө ири өлчөмдө уюшкан топ тарабынан жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө камалат.

Ушул беренеде мал деп майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко айтылат.  Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Аталган мыйзамды Мейкинбек Абдалиев демилгелеп, кодекстин 2017-2021-жылдагы редакцияларында "Мал уурдоо" беренесинин жоктугу кылмыштын ушул түрүнүн өсүшүнө алып келип жатканын белгилеген. Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 13-декабрында кабыл алган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей