БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эми окуучулар өздөрү окуган классты жууп-тазалашат

Эми окуучулар өздөрү окуган классты жууп-тазалашат

Сүрөт интернеттен алынды

Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын тазалыгын карап, жууп-тазалашат. Тиешелүү буйрук чыкканын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. 

Министрдин айтымында, мындай чечим окуучулардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө, тазалыгына жана жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамилеге жасоого багыттоо үчүн кабыл алынган. 

"Бул жерде кеп окуучуларды эксплуатациялоо эмес. Алардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө, өзүнүн тазалыгына, жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусына багытталган. Башкача айтканда балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, өздөрү колдонгон ажатканы да тазалап, камкор мамиле жасоо көндүмдөрү болушу керек”- деди Кендирбаева. 

Буга чейин окуучулардын класстардагы жууп-тазалоо иштерине тартылары айтылып, айрым ата-энелер нааразычылыгын билдирген. 

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей