БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эмил Жамгырчиев абактан бошотулду

Эмил Жамгырчиев абактан бошотулду

Интернеттен алынды

Эмил Жамгырчиев тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде абактан бошотулду. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен кабыл алды.

 

БШК 2-февралда  Жамгырчиевдин өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан.

Эмил Жамгырчиев  Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев аны  жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Бул боюнча  түзүлгөн депутаттык комиссия  9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен.

 УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында,  Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөнүн билдирген. Ал ошондой эле  Жамгырчиевди эч ким камабай турганын, ал айыпталып жаткан иш оор кылмыштардын катарына кирбестигин айткан. Атайын кызматтын  башчысы депутатты тергөөгө  келип берүүгө чакырган.

 Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден эки досту (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.

12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган. Кийин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей