БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эмил Жамгырчиев башкы прокурордун маалыматын четке какты

Эмил Жамгырчиев башкы прокурордун маалыматын четке какты

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал 8-январда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты. Эмил Жамгырчиев тагылган кинеге макул эмес экенин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө эч кандай зарылчылык болбогонун билдирди.

8-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөсү, депутат Алишер Эрбаев 9-январда дагы отурум болорун, ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү чакырылганын кабарлады.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев депутатка Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен айып тагылганын жарыялаган. Ошол күнү Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Автор: Т-Медиа > 354 статей