БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев Бишкек шаардык сотуна даттанды

Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев Бишкек шаардык сотуна даттанды

Сүрөт интернеттен алынды

Үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган Чынтемир Аширалиев Бишкектин Октябрь райондук сотунун өкүмүнө нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна даттанды. Отурум 20-декабрь саат 09:30га белгиленгенин 11-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимине нааразычылык билдирип, анын жактоочусу кайрылган.

Эске салсак: 3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевдин мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Чечимге ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу менен бирге өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Аширалиев соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, утулуп калган. Ал ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде караштуу күзөт системасында 15 жыл иштеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей