БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Энергетикадагы абал: президент жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, электр энергиясы менен газ тартыштыгы боюнча суроолорго жооп берди. Өлкө башчы Кыргызстанда акыркы төрт жылда эле электр энергиясынын тартыштыгы дээрлик 1 млрд кВт саатка көбөйгөнүн айтты.
"Ооба, бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес. Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз".
Садыр Жапаров электр энергиясынын баасы арзан экенин, ошондон улам да аны үнөмдөө болбой жатканын айтты. Ошондой эле ал жарык кыска мөөнөткө өчүрүлүп турушу мүмкүн экенин кошумчалады.
"Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары "Үй-бүлөгө көмөк" программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз. Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы. Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар "мамлекет төлөйт" деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат. Ооба, бир эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул иш чара өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет", -дейт өлкө башчы.
Энергетика министрлиги декабрда электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жеткенин билдирип, колдонуучуларды эртең менен жана кечинде үнөмдөөгө чакырган. Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган.
Автор: Т-Медиа > 390 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat