БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

“Эркиндик бергиле!” Журналисттер онлайн акция уюштурушту

“Эркиндик бергиле!”  Журналисттер онлайн акция уюштурушту

Интернеттен алынды

“Кыргыз журналистикасы олуттуу көйгөйлөргө туш болуп, Кыргыз Республикасынын негизги баалуулуктарынын бири – сөз эркиндигин жана өз пикирин эркин билдирүү укугун жоготуп алуу коркунучунда турат.”  “Кыргызстандын медиасынын аракеттер платформасы” уюму кыргыз журналистикасынын 99 жылдыгына катарлаш кайрылуу жасады.

 

 

“Соңку кездери эркин маалымат каражаттары, көз карандысыз журналисттер жана блогерлер бийликтин жана атайын түзүлгөн фейктер менен троллдордун фабрикасынын болуп көрбөгөндөй кысымына дуушар болушту. Эң бир жийиркеничтүү ыкмалар - журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосуна кийлигишүү, жекече видеолорду социалдык тармактарга чыгаруу, адамдын интимдик жана үй-бүлөлүк жашоосуна таасирин тийгизген кибербуллинг болууда.”-деп айтылат кайрылууда.

 

Сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция  да жүрүп жатат. Аталган  уюм уюштурган акциянын максаты көз каранды эмес медианы колдоо жана өлкөдө сөз эркиндигин сактоо экени белгиленди.

 

 

“Бул күндөрү парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоору каралууда. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам Орусиянын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын аналогу. Бул демилгелер колдоо тапса көз каранды эмес медианын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин таптакыр жок болушуна алып келет”, - деп эсептешет уюмдун мүчөлөрү.

 

Демилге социалдык түйүндөрдүн көптөгөн колдонуучулары арасында колдоо таап, алар #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan деген хештег менен билдирүүлөрүн жарыялап жатышат.

 

Сөз эркиндиги жок болсо коопсуздук да болбой турганы, эркиндик жок болсо сөз эркиндиги да жок болору белгиленүүдө.

 

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 206 гезит, TV, радио жана 22 белгилүү интернет басылма бар. Аларда эмгектенген журналисттердин саны 1875тин тегерегинде.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей