БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Эс алууга чыкпай туруңуз!" ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

"Эс алууга чыкпай туруңуз!" ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 17-августтан 19-августка чейин нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги шашылыш билдирүүдө кабарлады. 

Табигый кырсык өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлөт. Мындан улам, ӨКМ бийик тоолорго барбай, саякаттоону башка күнгө жылдырып турууну эскерткен. Айрыкча капчыгайларга, дарыя жээктерине эс алууну пландабай туруу керек. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына билдириңиз.

Акыркы учурда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жаратылыш кырсыктары көп катталып жатат. Селдин көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. Соңку айларда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. 

Жаратылыш кырсыгы эмнеге көбөйүп жатканы, анын кесепети жана табигый кырсыктарга мындан ары эмнеге даяр туруу керектиги тууралуу Т-Медианын материалынан таанышсаңыз болот. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей