БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Экс-депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка чакырылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн, 20-ноябрда суракка чакырылганын билдирди. Ал активист Тилекмат Куренов менен жолугуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына барган факты боюнча суралат.
Атайын кызматЖамгырчиевди жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталып жатканын кошумчалады.Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүз "Фейсбук" баракчасында Дубайда Тилекмат Куреновдун паспорту жоголгонун жана ал өлкөдөн чыга албай жатканын жазган. Ал Куреновдун АКШдан БАЭге, Дубайга келишине жана паспортунун жоголушуна Эмил Жамгырчиевдин тиешеси болушу мүмкүн экенин айткан.
20-ноябрда экс-депутат бул окуяга байланыштуу соцбаракчасына пост жазды. Анда ал атасын дарылатуу үчүн чет жакка чыгып Дубайда Тилекмат Кудайбергенов менен жолукканын, кызы үчүн жардам бергенин айткан. Бирок паспортко байланыштуу айтылган сөздөр жалган экенин жазган.
"Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык. Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам", - деп жазган ал.
Тилекмат Куреновго бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган. Бул факты боюнча "Бийликти күч менен басып алуу", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Эмил Жамгырчиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен иш козголгон. 2023-жылдын декабрь айында ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев аны жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. 24-январда Биринчи май райондук соту анын бөгө чарасын карап, 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Жамгырчиев 2-февралда үй камагына чыккан.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat