БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эттин баасы 300 сомдон 500гө көтөрүлгөн. Өлкөдө беш жылда азык-түлүк баалары кандай өзгөрдү?

Эттин баасы 300 сомдон 500гө көтөрүлгөн. Өлкөдө беш жылда азык-түлүк баалары кандай өзгөрдү?

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 2018-жылдан 2023-жылга чейин керектөө баалары дээрлик 52% кымбаттаган. Анын ичинде зарыл болгон нан азыктары, эт, картошка, өсүмдүк майынын наркы кескин өскөн.

"Т-Медиа" бул жылдар аралыгындагы бааларды салыштырып көрдү.

Улуттук статистика комитетинин "Баалар" басылмасына таянсак, беш жыл ичинде эттин баасы 1,7 эсе, өсүмдүк майлары 73,3%, нан азыктары 69,5% жана картошканын наркы 64,1%га көтөрүлгөн. Мисалы, эттин баасы 2021-жылы, картошка менен майлар 2020-жылы кескин өскөн.

Азыктын мурдагы баасын жана кийин канча сомго кымбаттаганын байкоо үчүн Улуттук статистика комитетинин өлкөдөгү азык-түлүктүн күнүмдүк бааларын каттаган маалыматына көз салдык. Андагы көрсөткүч боюнча 2018-жылы май айларында жогорку сорттогу ундун килограммы - 38 сом болсо, 2023-жылы ушул эле айда 63 сом болгон. Беш жыл ичинде 25 сомго кымбаттаган. Ал эми өсүмдүк майынын бир литринин наркы беш жылда 96 сомдон 161 сомго көтөрүлгөн.

Азык-түлүктөрдүн арасынан өсүмдүк майынын баасы башка аймактарга салыштырмалуу эң көп Нарында көтөрүлгөн.

Улуттук статистика комитети беш жылда керектөө баалары эң көп Нарында өскөнүн белгилеген. Аталган облуста алкоголдук ичимдиктер жана тамеки эки эсе, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 75,8 пайызга кымбаттаган.

Нан жана дан азыктарынын баасы Таласта 86,2 пайызга чейин өскөн.

Улуттук статистика комитети ЕАЭБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда баалар быйыл мартта дагы көтөрлгөнүн билдирди. Баалардын кымбатташынан улам быйыл өлкөдө инфляциянын деңгээли бир жылда 1,2 пайызды түзгөн. 

Автор: Албина Жыргалбек кызы

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей