БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бак дарыланса, аарыга зыянбы?

Бак дарыланса, аарыга зыянбы?

иллюстрациялык сүрөт

Бак-даракты дарылайм деп аарыларды өлтүрүп алышыңыз мүмкүнбү? Химикат аарыга канчалык кооптуу экенин адис менен түшүндүрөбүз. 

13-майда социалдык тармактарга Ош шаарында аарылар массалык өлгөнү тууралуу видео жарыяланган. Кийин шаардык мэрия бул калаада жапырт эмес, бир үйдө гана болгон окуя экенин кабарлады.

Биз маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан тактадык. Окуя шаардагы Амир-Темур кичи районунда болгон. Багбан короосундагы бак-дарактарды дарылагандан кийин бал челектериндеги аарылардын 90%ы кырылып калган. 

"Курт-кумурскаларга каршы дары сепкен экен. Кандай дары экенин билбейбиз. Дарактар аарылардын жанында. Ошого барып конуп 90%ы ууланып калган. Булар азыр дарылаган адамга даттанып жатышат" - дейт санитардык дарыгер Назгүл Таалайбекова. 

Аарычыларды түйшүккө салган бул окуяда химикаттын таасири канчалык болушу мүмкүндүгүн адистерден тактадык. 

Аарылардын химиялык дарылардан улам өлүшү Кыргызстанда тилекке каршы, жылда эле катталып келген көйгөй. Мындай маалыматты Мал чарба илим изилдөө институтунун бөлүм башчысы Жакшылык Дүйшөналиев "Т-Медиага" бөлүштү. Адис маселе маалымдуулуктун жоктугунан болуп жатканын айтып, кесепети экологияга өтө чоң зыян алып келерин белгиледи.

Эмнеге мындай болот?

Сиз бакты, короодогу жемиштерди зыянкечтерге каршы дарыладыңыз дейли. Эгер, сиздин же кошуналарыңыздын үйүндө аары болсо, аларга түздөн-түз зыян кылган болосуз. Себеби аары 3-5 км радиуста учат дагы, бул аралыктагы өсүмдүктөргө конбой коюшуна кепилдик жок. 

"Бул жаздын башында көл тарапта (Ысык-Көлдө), Чүйдө да болгон. Жылда эле катталып турат. Элге маалымат бериш керек. Маалымат жетпей ушундай болуп жатат. Аары негизи 3-5 км радиуста учат да. Анын ошол аары учкан радиуста бир нерселер дарыланган болсо, сөзсүз түрдө аары өлүп калат. Бул кадимки эле уулануу. Бизде болсо жашылча-жемиш, өсүмдүктөрдү өстүргөндө химиялык дарыларды беришет да. Химиялык дарыларды курт-кумурскаларды өлтүрөбүз деп чачабыз. Ал дарылар "бул аары эле, бул зыяндуу курт эле" деп тандабайт да. А аарыны болсо мүйүзүнө жип байлап коё тургандай мал эмес деп элестетсеңиз. Өзү учкан 5 км радиуста жүрө берет".

Мындай кооптуулуктун алдын алуу үчүн аарылар сөзсүз дарыланган короодон беш чакырым радиуста алыска алып чыгып кетилиши керек. 

"Азыр биздин аарычылар да өзүнүн короосуна 5-6 жашик аары коюп коёт да. Мындайда эреже боюнча "бакты дарылайм" деген адам жергиликтүү бийликке кабар бериши керек. Аарысы барлар аарыны көчүрүп кетиши зарыл. Аары бул сигнал. Эгер ал райондо аары өлүп жаткан болсо, ал аймакта экологиялык стабилдүүлүк жок деген сөз. Бул сүт эмүүчү эмес да, курт-кумурска болуп жатат. Кичине эле препараттын дозасына өлүп калат".

Адистин айтымында, аарылар басымдуу уулануудан өлөт. Алар көбүнчө эки гана себеп менен ууланат.

Биринчиси - бак-дарактын жалбырактарында илешкек болуп пайда болгон Падевый балды жеп алганда. Бул август-сентябрь айларында болот.

Экинчиси - ушул талаадан уулуу химикат жеп келгенде. 

Жыйыктыптап айтсак, корооңузда "өсүмдүк өстүрөм" деп колдонуп жаткан химиялык дарылар аары үчүн өтө кооптуу. Бул алардын ууланып, кырылышына алып келет.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей